Бүгүн, 10-сентябрда Катар-2022 Дүйнө чемпиондугунун тандап алуу оюндарынын 2-турдук оюндары башталды. Анда F тайпасында Кыргыз өлкөсүнүн атаандаштары Япония конокто Мьянма менен кез келди.
Оюн 2:0 эсебинде Япониянын жеңиши менен аяктады. Азия Кубогунун финалчысы тайпада алгачкы 3 упайына ээ болду.
2-турда Тажикстан конокто Монголияны жеңип, тайпада 6 упай менен 1-орунда келе жатат.
Кыргыз футболчулары бул күнү оюн өткөрүшкөн эмес.