00:09, 27 апрель 2024 Иш

Чыңгыз Айтматовдун айкели даяр, бирок коюла турган ордун таппай турат

Чыңгыз Айтматовдун айкели даяр, бирок коюла турган ордун таппай турат — Today.kg

Айкелчи Тамила Маматова жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айкелин 2018-жылы жасап бүтүргөн. Аны жасоого айкелчи жарым жыл убакыт сарптап, бьюст Санкт-Петербург шаарында жасалган. Бирок учурда бул айкел ордун таппай, айкелчинин үйүндө турат. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү айтып берди.

"Жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айкели былтыркы жылкы жумушум. Негизи эстеликти коюуга шаар аймагынан жер бөлөбүз деп айтышкан. Бирок жер бөлүнбөгөнүнөн улам скульптура учурда үйүмдө турат. Негизи бул бьюст менин экинчи дипломдук ишим. Айкелди Санкт-Петербург шаарынан жасадым. Жакында эле журналисттер менен бирге жыйын өтүп, ал жыйын аркылуу премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиевге кайрылып, эстеликти Ош шаарына орнотуу тууралуу чечим чыккан. Андан бери көп убакыт өткөндүктөн учурда Ош мэриясы менен сүйлөшүп жатам. Бьюстту жарым жылдай убакыт аралыгында жасадым, изденилген эмгек болуп эсептелинет. Негизи эмгек тиешелүү жерин таап, качан эле коюлушу керек болчу. Бийликтин убактысы болбой жатабы же кайдыгер карап жатышабы билбейм. Мындан улам социалдык баракчам аркылуу өзүм чыгууга туура келип калды”, - деп билдирди Талиева.

Учурда Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин узундугу 3 метрди түзүп, учурда айкел Талиеванын иш бөлмөсүндө турат.

Ал эми бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын пресс-катчысы Азамат Абсатаров төмөнкүлөргө токтолду.

"Быйыл Ош шаарындагы Кулатов кичи районунда узундугу 8 метр болгон эс алуу аллеясы курулду. Ошол аллеяга чектеш Кара-Суу районунун аймагында 1 гектардан ашыгыраак жер бар. Ошол жерге Чыңгыз Айтматов атындагы эс алуу багын куруу пландалган. Мындан улам Кара-Суу райондук администрациясы ал жердеги соода түйүндөрүн алдырды. Бирок аталган бакты куруу иштери баштала элек. Кийинки жылы башталып калса, бюст орнотулат. Бирок бул маселе дагы каралат", - деди Абсатаров.

 

Булак: Super Инфо

up