03:58, 2 май 2024 Бш

Үч жолку чемпион, ата-энеси — мигрант. Курсан Асановдун жан сакчысы тууралуу

Sputnik Кыргызстан агенттиги Курсан Асановдун жан сакчысы тууралуу маалымат чогултту.

Дамирбек Пайзылда уулу 1997-жылы 22-апрелде Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Правда айылында туулган.

Билими

  • 2003-2012 — Правда айылындагы №89 Бүсара Абдрахманова атындагы орто мектебинде 9-классты аяктаган;
  • 2012-2015 — Ош мамлекеттик университетинин педагогика жана дене тарбия факультетин бүткөн;
  • 2016-жылы — Ош мамлекеттик университетинин юридика факультетине тапшырган;
  • 2016- 2017 — Ош облусунун Алай районунда аскер кызматын өтөгөн.

Иш тажрыйбасы

  • 2018 — Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы бөлүгүнө (спецназ) жумушка орношкон;
  • 2019-жылдын март айынан тарта ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун айдоочусу жана жан сакчысы катары иштеп келген.

Спорттогу ийгиликтери:

  • 2013 — Бокс боюнча өспүрүмдөр арасында Кыргызстандын чемпиону;
  • 2013 — Россиянын Новосибирск шаарында өткөн эл аралык мелдештин жеңүүчүсү;
  • 2014 — Тажикстанда өткөн эл аралык мелдештин күмүш медалынын ээси;
  • 2014 — Бокс боюнча Кыргызстандын жаштар арасындагы чемпиону;
  • 2015 — Кикбокс боюнча Кыргызстандын чоңдор арасындагы чемпиону;
  • 2018 — Ички иштер министрлигинин деңгээлинде уюштурулган самбо, күжүрмөн самбо, аралаш мушташ боюнча мелдештердин жеңүүчүсү;
  • 2019-жылдын октябрь айында Түркиянын Анталья шаарында өтчү кикбокс боюнча дүйнө чемпионатына даярданып жаткан.

Бойдок. Төрт бир туугандын экинчиси, ата-энеси Россиянын Москва шаарында эмгектенет.

Булак: Sputnik

up