13:56, 26 апрель 2024 Жм

Отунбаева: Текебаев менен Чотоновдун чыгышы - тарыхый күн

Экс-президент Роза Отунбаева “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр, мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун абактан чыгышын тарыхый күн деп атады. Бул тууралуу ал үй камагына чыккан саясатчыларды партиянын кеңсесинен тосуп алган учурда билдирди.

-Акыйкат келди, бар экен. Бүгүн Кыргызстандын саясий тарыхында өзүнчө көрүнүктүү күн болуп атат. Бүгүн ага баарыбыз күбө болуп жатабыз. Кырдаал канчалык кыйын болбосун эки азамат, башын ийбей туруп беришти. Биз Сингапурдай жашап кетпейбиз, бирок биздин системаны күчтөндүрөлү, бийликти акыйкаттыкка алып келели деп баарыбыз күрөшүп жаттык. Азыркы күн ошонун жыйынтыгы.

Отунбаева ушул күнгө чейин бирге туруп берген партия жана фракция мүчөлөрүнө, адвокаттарга ыраазычылык билдирди.

Парламенттин мурдагы төрагасы Медеткан Шеримкулов Текебаев менен Чотоновго кайрылып, эч качан бирөөгө кек сактап, өч албоого чакырды.

-Эки жылдан ашуун жаттыңар. Ар кандай пикирде, көз карашта болдуңар. Агаңар катары айтарым, эч убакта бирөөдөн өч алам деп аракет кылбагыла. Эч кимге теңелбегиле, силерге ким жамандык кылбасын, бут тоспосун алардан бийик болгула. Кайран өмүрүңөр кетет. Жашыңар, акыл-эсиңер, ден соолугуңар ордунда турганда Кыргызстандын келечеги, мамлекеттүүлүк, элдин турмушун оңдоо, биримдигин чыңдоо аракетиңерден жазбагыла.

“Ак Шумкар” партиясынын лидери, мурдагы премьер-министр Темир Сариев сот бул жолу саясатчыларды толук актайт деген ишеничин билдирди.

Бүгүн, 29-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун бөгөт чарасын караган. Натыйжада саясатчылар үй камагына чыгарылып, сот залынан бошотулду.

Аларды “Ата Мекен” партиясынын кеңсесинен саясатчылар, партия мүчөлөрү, тарапташтары тосуп алышты.

“Ата Мекен” партиясынын буга чейин түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп келген лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр, мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жаран Леонид Маевскийден пара алды» деген көрсөтмөнүн негизинде, 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген.

Жогорку сот 21-августта Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган. Иш райондук сотко кайра кароого жөнөтүлгөн. Кийинки соттук жараян 12-сентябрга белгиленди. (КE)

Булак: Azattyk

up