09:41, 26 апрель 2024 Жм

Кытай артисттери Кыргызстандын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйланды

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди тереңдетүүгө, достук байланыштарды бекемдөөгө жана улуттук маданияттарды өз ара байытууга, ошондой эле «Манас» эпосун жайылтууга кошкон салымы үчүн Кытайдын Борбордук опера театрынын бир катар артисттерин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйланды.

«Даңк» медалы менен:

Ли Шуан — Кытайдын Борбордук опера театрынын солисти;

Юй Цзинжэнь — Кытайдын Борбордук опера театрынын солисти;

Яо Хун — Кытайдын Борбордук опера театрынын солисти.

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен:

Го Чэнчэн — Кытайдын Борбордук опера театрынын солисти;

Гэн Чжэ — Кытайдын Борбордук опера театрынын солисти.

up