10:41, 8 май 2024 Шр

Илмияновдун соту жабырлануучу келбей калганы үчүн жылдырылды

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин экс-кеңешчиси, камактагы Икрамжан Илмияновдун соту үчүнчү ирет жылдырылды. Ага күбө жана жабырлануучунун келбей калганы себеп болгонун адвокат Кубанычбек Ташбалтаев “Азаттыкка” билдирди. Кийинки соттук териштирүү 4-сентябрда улантылат.

27-августтагы жараян дагы Илмияновдун ишинде шектүү катары өтүп жаткан Руслан Шакировдун жактоочулары келбей калгандыктан болгон эмес.

“Шоопур” деген каймана ат менен таанылган жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эң ишенимдүү адамдарынын бири катары аты чыккан Икрамжан Илмиянов, 2018-жылдын 20-октябрында Орусиядан кармалып, Кыргызстанга жеткирилген.

Ага Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон жана Кылмыш-жаза кодексинин бир канча беренелери менен айып койгон. Илмиянов «жеке компаниялардын биринен 150 миң доллар акча алган» деп шек саналып жатат. Ал УКМКнын тергөө абагында кармалууда. (КЕ)

up