18:09, 26 апрель 2024 Жм

Укук коргоочу Динара Ошурахунова:

Укук коргоочу Динара Ошурахунова: — Today.kg

8-августта Кой-Таш айылында экс-президент Алмазбек Атамбаев кармалган. Ал ошол эле күнү Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 26-августка чейин камакта калтырылган. Бүгүн Бишкек шаардык соту Атамбаевдин баш коргоо чарасын УКМКнын имаратында жабык карап, райондук соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырды.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Атамбаевдин баш коргоо чарасы экинчи ирет жабык каралды. Бул көрүнүш соттун акыйкаттуулугуна, ачык-айкындуулугуна шек жаратпайбы?" деген собол салды.

Укук коргоочу Динара Ошурахунова соттор ачык өтүшү керек деген пикирин айтты. "Атамбаев кандай болсо дагы убагында президент болгон. Ошондуктан эл көңүл бурат. Балким, эл толкундап кетпесин деп жабык сот болуп жатат. Бирок бул туура эмес. Сот ачык жүрүшү керек. Элдин баары көңүл буруп жаткандан кийин, соттор ачык-айкын өткөрүлүшү керек. Сот жабык өтсө сотко эч ким ишенбейт", - дейт Динара Ошурахунова.

 

up