17:25, 26 апрель 2024 Жм

Кундуз Жолдубаева: "Өмүрбек Бабанов биз менен биригүүгө кызыкдар болсо баш тартпайбыз"

Кундуз Жолдубаева: Өмүрбек Бабанов биз менен биригүүгө кызыкдар болсо баш тартпайбыз — Today.kg

Бүгүн, 16-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы каралды. Ага келген КСДПнын атайын өкүлү Кундуз Жолдубаевага журналисттер жакында эле чет өлкөдөн мекенге кайтып келген саясатчы Өмүрбек Бабанов тууралуу суроо узатышты.

"Сиздер Өмүрбек Бабанов менен байланышкан жоксуздарбы?", - деген суроо узатылды.

"Жок, биз Бабанов менен байланышкан жокпуз. Балким Бабанов тарабынан биригүүгө кызыкдар экени айтылса, биз эмнеге жок демек элек. Себеби биз оппозициялык күчтөр биригели деп айтып эле келе жатабыз. Бирок мен ойлойм, Өмүрбек Бабанов бийлик менен сүйлөшпөй туруп келмек эмес. Ал азыркы бийлик менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн жана жакынкы убакта мамлекеттик негизги кызматка отурат деп ойлоп жатам. Бирок биз КСДП, бардык күчтөр үчүн ачыкпыз. Биз өлкөдө, саясий айдыңда тең салмак болушу үчүн керекпиз", - деди Жолдубаева.

 

Булак: Super Инфо

up