09:41, 27 апрель 2024 Иш

Кадыр Атамбаев: "Мен атамдын жакшы атын коргогонго милдеттүүмүн"

Кадыр Атамбаев: Мен атамдын жакшы атын коргогонго милдеттүүмүн — Today.kg

Бүгүн, 16-августта Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы каралды. Ага анын жубайы Раиса Атамбаева жана уулу Кадыр Атамбаев да келди. Бирок алар процесске киргизилген жок.

Журналисттер Кадыр Атамбаевге Дача-СУга кулаган учактагы жүктүн тегерегинде суроо беришти. Экс-президенттин уулу бул суроого жооп берип жатып, эл жомокко ишенип жатат деп белгиледи.

"Текебаев (ред.Өмүрбек) андагы жүк тууралуу такыр башка кепти айтып жаткан. Жакында эле интервьюсунда чайниктин ичине алтын салып келишкен деп айтты. Алтын, баалуу буюмдарды ким чайникке салып ташыйт? Түркия, Казакстан өкмөтү Атамбаевдин байланышы бар деген кепти такыр четке каккандан кийин мындай калп, жомокту айтуунун кереги жок. Эл кантип мындай уламышка ишенип жатат билбейм", - деди ал.

Андан кийин массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү анын жакында коомчулукка жасаган кайрылуусу жөнүндө айтышып, саясатка киришүү ниетиңиз барбы деп сурашты.

Кадыр Атамбаев: "Атамды камап жатышса тим отура бербейм да, оюмду айтышым керек. Мен саясий элитаны жакшы билем, тамдын сөзүн эстеп кеттим, ал азыркы эски саясатчылардын баарын өзү менен кошо ала кетиши керек. Ким эмне дебесин, атам президенттик мөөнөтүндө энергетикалык тармакты көз карандысыздыкка алып келди, бир топ ири долбоорлор ишке ашырылды. Бул иштер эсте калат. Мен анын жакшы атын коргогонго милдеттүүмүн. Ал эм Жээнбеков кайсы иши менен мактанат, менин байкуш апама кылмыш ишин ачты, атамды камады. Эмне дейм, өздөрүнүн максатына жетишти"

 

Булак: Super Инфо

up