15:51, 2 май 2024 Бш

Кыргызстанда жогорку окуу жайлар абитуриенттер үчүн эшигин ачты. Убакыт-сааты

Кыргызстанда жогорку окуу жайларга кабыл алуу кампаниясы башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Бүгүн биринчи тандоо туру старт алды. Министрлик кампания кайсы аралыкта өтөрүн маалымдады.

Биринчи тур:

8-10-июль — талондорду кабыл алуу;

10-июлда, саат 14.00дө талондорду кабыл алуу жыйынтыкталат;

11-июлда, саат 10.00дө экзаменге кире ала турган абитуриенттердин тизмеси илинет;

11-13-июлда окуу жайга өткөн абитуриенттер университетте кала турганын тастыкташы керек.

Экинчи тур:

15-17-июль — талондорду кабыл алуу;

17-июлда, саат 14.00дө — талондорду кабыл алуу жыйынтыкталат;

18-июлда, саат 10.00дө — экзаменге кире ала турган абитуриенттердин тизмеси илинет;

18-20-июлда окуу жайга өткөн абитуриенттер университетте кала турганын тастыкташы керек.

Үчүнчү тур (Билим берүү министрлигинин уруксаты менен өткөрүлөт):

22-24-июль — талондорду кабыл алуу;

24-июлда, саат 14.00дө — талондорду кабыл алуу жыйынтыкталат;

25-июлда, саат 10.00дө — экзаменге кире ала турган абитуриенттердин тизмеси илинет;

25-27-июлда — окуу жайга өткөн абитуриенттер университетте кала турганын тастыкташы керек.

Булак: Sputnik

up