00:48, 3 май 2024 Жм

Касымалы Баялиновдун уулу Марклен Баялинов дүйнө салды

Кыргызстандын маданиятына эмгегин сиңирген инсан Марклен Баялинов 86 жашында дүйнө салды. Бул туурасында саламаттыкты сактоо тармагындагы эксперт, журналист Елена Баялинова билдирди.

Кыргызстандын улуттук киноискусство боюнча академиясынын академиги, СССР учурундагы ири сыйлыктын бири Эмгек Кызыл Туу орденинин ээси Марклен Баялинов 1958-жылдан тарта Маданият министрлигинде ар кыл кызматтарда иштеп келген. 1985-1989-жылдары аталган ведомствону жетектеген. Кыргыз ССРинин кинематография боюнча мамлекеттик комитетинин, андан сырткары, Кыргызстандын Опера жана балет театрынын жетекчиси болуп иштеген.

Марклен Баялинов кыргыздын белгилүү жазуучусу Касымалы Баялиновдун уулу. Ал Фрунзе шаарында 1933-жылы жарык дүйнөгө келген.

Булак: Sputnik

up