08:39, 3 май 2024 Жм

Окумуштуулар рак менен диабеттин өнүгүшүн токтоткон суусундукту аташты

Майы аз сүт жана сүт азыктарын өз өлчөмү менен пайдалануу бир катар оорулардын өнүгүүсүнүн алдын алат. Бул тууралуу Medical Ехpress басылмасы макалада жазды.

Испаниялык окумуштуулар бул жаатта бир катар изилдөөлөрдү жасаган.

Адистер сүт жана сүт азыктарынын профилактикалык касиеттерин изилдеген 14 анализ жүргүзгөн. Алар бир нече этаптан туруп, бир топ окумуштуулар катышкан.

Илимпоздор анча майлуу эмес сүттүн продукцияларын, маселен, йогуртту ичип туруу метаболикалык синдромдун (ашыкча май, салмактын пайда болушу), экинчи типтеги кант диабетинин, жоон эли ичегинин залалдуу шишиги менен табарсык рагынын өнүгүү тобокелдигин азайтарын айтышкан.

Изилдөөлөрдө сүттүн кыр арка сөөктөрдү бекемдей турганы жазылган.

РФтин Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы диетологу Виктор Тутельян RT ресурсуна сүт азыктары боюнча комментарий берген. Ал сүт белоктун, кальцийдин жана бир катар активдүү бирикмелердин булагы экенин билдирген. Дарыгер бул продуктунун рактын өнүгүшүн жана диабеттин алдын ала турганы илимий далилдене электигин кошумчалаган.

up