07:39, 3 май 2024 Жм

Өлүм алдында жаткан кишилер эмне тууралуу ойлонот. Окумуштуулардын изилдөөсү

Даниянын, Германиянын жана Норвегиянын окумуштуулар тобу өлүм алдында жаткан кишилердин оюна эмне келерин иликтеген. Бул тууралуу MedicalXpress басылмасы жазды.

Ага ылайык, изилдөөгө катышкандардын 87 пайызы убакытты эсептөөдө жаңылышкан. 65 пайызы ойлонуусу ылдамдаганын айтышкан. 63 пайызы болсо сезүү органдары бир кыйла жакшырганын белгилешсе, 53 пайызы жандын денеден чыгып жаткан иллюзиясын сезишкен.

Андан сырткары, айрымдары эч нерсени ойлонбостон тынчтыкты сезип, "периштелердин" ырдаганын угушкан. Кээ бир кишилер болсо уктап жатканда бөлмөдө жалгыз эместей сезим болгонун айтып беришкен.

Окумуштуулардын изилдөөсүнө 35 мамлекеттен оор илдетке кабылып, өлүм алдында жаткан 1034 киши катышкан.

up