19:13, 2 май 2024 Бш

Президент Сооронбай Жээнбеков баткендиктер менен жолугушту

Президент Сооронбай Жээнбеков Баткен районунун жана Баткен шаарынын жашоочулары менен жолугушуп жатат. Ал бүгүн, 4-июлда Баткен облусуна бир күндүк иш сапары менен келгенин басма сөз кызматы билдирген.

Мамлекет башчысы Баткен жергесинин көйгөйлөрүн башкаларга караганда жакшы билерин айтып, миграция, жумуш орундары менен камсыз кылуу, чек араны бекемдөө, калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу көйгөйлөрүн чечүү өз ишмердигинин артыкчылыктуу багыттары жана мамлекеттин негизги милдети экенин белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков региондорду өнүктүрүү, өлкөнүн экспорттук дараметин жогорулатуу, ирригацияны өнүктүрүү, таза суу менен камсыз кылуу, стратегиялык инфраструктуралык объектилерди куруу, ипотекалык насыя, энергетика чөйрөсүндөгү долбоорлор, саламаттыкты сактоо, билим берүү, спорт тармактарындагы мамлекеттик программаларды ишке ашыруу боюнча мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу баткендиктерге айтып берди. Ошондой эле жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформага, анын милдеттерине жана негизги багыттарына, коррупция менен системдүү күрөшүүнүн жүрүшүнө кеңири токтолуп, өлкөнүн тышкы саясаттагы багыты тууралуу айтып берди. Өлкөнү санариптештирүү, мамлекеттик кызматтарды автоматташтыруу боюнча көрүлүп жаткан чараларды да белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков Баткен облусун өнүктүрүү боюнча иштерге — чек араны бекемдөө, жолдорду, ирригациялык объектилерди куруу сыяктуу маселелерге токтолду. Андан ары жолугушуу суроо-жооп форматында уланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

up