10:23, 2 май 2024 Бш

Сооронбай Жээнбеков айт намазын борбордук мечитке барып окуду. Сүрөттөр

Президент Сооронбай Жээнбеков Орозо айт намазын Бишкек шаарынын борбордук мечитине барып окуду. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

  • Президент Сооронбай Жээнбеков в праздник Орозо айт посетил центральную мечеть БишкекаПрезидент Сооронбай Жээнбеков Орозо айт намазын Бишкек шаарынын борбордук мечитине барып окуду © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Сооронбай Жээнбеков в праздник Орозо айт посетил центральную мечеть БишкекаБүгүн, 5-июнда, Кыргызстанда Орозо айт белгиленүүдө © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Сооронбай Жээнбеков в праздник Орозо айт посетил центральную мечеть БишкекаТаң эрте майрамдык намазды окуу үчүн Бишкектин эски аянтында миңдеген адамдар келди © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Сооронбай Жээнбеков в праздник Орозо айт посетил центральную мечеть БишкекаБыйыл Орозо 30 күнгө созулду, тагыраак айтканда 6-майда башталып, 4-июнда жыйынтыкталды. © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Бүгүн, 5-июнда, Кыргызстанда Орозо айт белгиленүүдө. Таң эрте майрамдык намазды окуу үчүн Бишкектин эски аянтында миңдеген адамдар келди. Ал эми Ош шаарындагы борбордук "Сулайман Тоо" мечитинде 10 миңдей адам айт намазын окуганы кабарланды.

"Мамлекет башчысы Бишкек шаарынын борбордук мечитине барып, мекендештери менен айт намазга катышты", — деп айтылат маалыматта.

Быйыл Орозо 30 күнгө созулду, тагыраак айтканда 6-майда башталып, 4-июнда жыйынтыкталды.

up