02:15, 5 май 2024 Жш

Ат-Башыда жол белгилери орнотулуп жатат

Ат-Башы районунда жол белгилери орнотулуп жатат. Бул тууралуу Нарын облусу боюнча ЖКККБнын штабынын инспектору, милициянын капитаны Калыс Өмүрзаков билдирди.

Жол кырсыктарын алдын алуу максатында Ат-Башы РИИБдин ЖКККБсы тарабынан жол белгилерин орнотуу боюнча Ат-Башы айыл өкмөтүнө көрсөтмөлөр берилип, Ат-Башы айылынын борбордук Өмүракунов жана Абыкеев көчөлөрүнө 16 даана жол белгилери орнотулду. Мындан тышкары Ача-Кайыңды айылына түнкү жарыктандыруучу чырактар коюлду. 

Булак: Turmush

up