08:09, 5 май 2024 Жш

Картошканын мол түшүмү ат-башылыктарды сарсанаага салды

  Ат-Башы районунун тургундары картошка жылдагыдай эле арзан болуп жатканына нааразы болушууда.

Учурда Ат-Башы жергесинде картошканын 1 килограммы 7 сом. Ал эми алып сатарлар 2 сом кошуп, 9 сомдон сатышууда.

Алып сатар Абдурахим Мусаев: «Быйыл картошка былтыркы жылга салыштырмалуу арзан болууда. Алуучу кардарлар деле жок. Кочкордо 5-6 сомго чейин түшүп калыптыр. Бул жактан 7 сомдон алып, Бишкек шаарына алып барабыз. Ал жактан 9 сомдон өткөрөбүз», - деди ал.

Ат-Башы районунун тургуну Айсалкын Анапияева: «Картошка арзан дегенибиз менен быйыл деле жалкыбай кайрадан картошка айдап, түшүмүн мол алуудабыз. Быйыл дагы өткөн жылдагыдай болуп картошканын баары төгүлбөсө болду деп жатабыз. Чоңдорубузга кудай ыйман берип, элдин эмгегин текке кетирбей баа кылып беришсе экен», - деди.

Ат-Башы районунун тургуну Калыбек Тагаев: «Айыл жергесинде жумушсуздук күч. Эл мал-жан менен анан айыл чарба менен оокатын кылып, өзү менен өзү. Азыр картошкабызды оңураак баага өткөрө албай жатабыз. Бийликте тургандар ушундай маселелерди карап беришсе дейбиз», - деди.

⇳ Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

up