08:32, 25 май 2024 Иш

Чүйдө аракка ууланып, комага түшкөн 6 жаштагы бала чарчап калды

Чүй облусуна караштуу Жайыл райондук аймактык ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүндө бир жумадан бери комада жаткан 6 жаштагы бала чарчап калды.

Маалым болгондой, бала 20-июлда саат 16:00дөр чамасында каза болду.

Окуя тууралуу

Бала ооруканага 12-июлда Ставрополовка айылынан эс-учун жоготкон абалда түшкөн. Баланы жасалма дем алдыруу аппаратына коштурушкан.

Буга чейин оорукананын башкы дарыгери Болот Майканаев: «Баланын абалы оор. Оорукана өзүнүн эсебинен анын башын томографиядан өткөрдү, анын жыйынтыгында баланын баш мээси шишип кеткени аныкталды, балким ал алкоголдук уулануудан улам болгон», - деп билдирген.

Баланын жанында бир туугандары жок, ага медицина кызматкерлери жана кайдыгер эмес адамдар түтүкчө аркылуу тамак берип, памперс алып келип жатышкан болчу.

«Бүгүн тооктун этинен шорпо жасап келип, түтүк аркылуу бердим. Ага тамак жана дары-дармек алып келген мен эле эмесмин. Көптөгөн адамдар аны карап жатышат. Менин угушумча апасы аны оорукананын жанына таштап, өзү аялдамада аны алып кетишкенге чейин карап турган. Медициналык кызматкерлер аны дароо кайра жандандыруу бөлүмүнө киргизишкен. Дарыгерлер ал комада экенин жана ал алкоголго ууланганын аныкташты», - деген мээрман айымдардын бири.

Бала ооруканага түшкөндөн кийин укук коргоо органдарына, соцкызматкерлерге маалымат берилген.

«Апасы спирт ичимдигин көп ичери белгилүү болду. Алар Жайыл районунда турушат, туруктуу жашаган жери жок. Энесин ата-энелик укугунан ажыратуу боюнча тиешелүү документтер даярдалып жатат. Бул аялдын дагы 15 жаштагы өспүрүм баласы бар экени белгилүү болду», - деген Жайыл райондук социалдык коргоо бөлүмүнүн үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн башчысы Айчүрөк Чокушева.

Окуянын чоо-жайын Ставрополовка айылынын тургундары айтып беришкен.

Алардын айтымында, эне 15 жана 6,5 жаштардагы балдары менен Ставрополовка айылында жашайт. Ал 38 жашта, дайыма спирт ичимдигин ичет. Ал биринчи никесинен балдары бар киши менен жашайт.

«Ошол күнү аларга достору келген экен. Алардын баары спирт ичимдиктерин ичип отурушкан. Чоңдордун бири үй ээсинин 6 жаштагы баласына алкоголь ичтирген. Ал эс-учун жоготкондо аны башына соккулап, эсине келтирүүгө аракет кылышкан. Андан кийин бала ооруканага түшүп калган. Айыл эли окуя тууралуу билишкенден кийин анын апасынын жана чогуу жашаган кишинин аракетин сынга алышты. Ал эми анын 15 жаштагы баласы Казакстанга иштегени кеткен», - дешкен айылдын тургундары.

Баланын апасы менен анын чогуу жашаган адамы кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

up