02:32, 21 май 2024 Шш

Бишкек шаарынын Свердлов районунда алдамчылык фактылар көбөйдү

Бишкек шаарынын Свердлов районунда алдамчылык фактылар көбөйдү — Today.kg

Учурда керектөө жана пайда табуу, башкача айтканда мүлктүк укуктук мамилелер маселелери коомдун жашоо - турмушунда эбак эле биринчи планга чыгып, башка баалуулуктардан үстөм боло алган. Муну менен бирге прокуратура органдарынын ишмердүүлүгүнүн көңүлү менчикке каршы кеңири жайылган алдамчылык кылмыштарына басым жасалууда.

Алдамчылык алдамчылыктын формасы ар кандай. Алдоо оозеки же жазуу жүзүндөгү билдирүү түрүндө жасалышы, же болбосо кандайдыр бир аракеттерди жасоо менен түзүлүшү мүмкүн: бүтүмдүн предметин бурмалоо, жасалма буюм менен эсептелген акча суммасын алмаштыруу, комплекттөө жана ушул сыяктуу формада болот. Көбүнчө иш-аракет менен алдоо оозеки түрүндө катталат.

2024-жылдын 1-кварталында Бишкек шаарынын Свердлов РИИБнын Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнин 209-бер. көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен (алдамчылык) 315 кылмыш иши козголуп,                                83 материал боюнча кылмыш иш козгоодон баш таруу чечими кабыл алынган, 15  негизинен кароо үчүн Свердлов райондук сотуна жиберилген, 65 кылмыш иши өндүрүштөн кыскартылган, 235 кылмыш иши тергөө стадиясында турат.

Мисалы, жаран О.Б. жана анын Ю.Р. аттуу таанышы менен 2021-жылдын декабрь айында “ИФК” коммерциялык эмес уюмун түзүшүп, андан кийин аталган коомго О.Б. жакын туугандарын жана тааныштарын тартышкан, аталган уюмду жана анын мүчөлөрүн түздөн-түз Ю.Р. башкарып, уюмдун ичинде структуралар жана система кеңейтилген курамда финансалык пирамиданын негизинде түзүлгөн.

Уюмдун ишмердүлүүгүнө көптөгөн жарандарды тартуу максатында интернет майданында жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктү сатып алуунун ишенимдүүлүгүн жана ийгиликтүүлүгүн кепилдиги менен  каржылоонун реалдуу булагы болбостон, белгилүү бир суммадагы акча каражаттарын салуу менен ийгиликтер болот деген жалган маалымат таратышкан.

Жайытылган рекламанын жана жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында, “ИФК” коммерциялык эмес уюмуна мүлктү жана кыймылдуу мүлктү сатып алууну күтүп жаткандар массалык түрдө акча каражаттарын төлөй башташкан. 

Жабыркаган жарандардын саны 4500 адамды түзгөн, алардын бири К.А. жогорудагы схемага ишенип, алданып калганын билдирген. Тактап айтканда, жогоруда көрсөтүлгөн уюмдун эсебине 722 040 сом акча каражатын берген, ага                      6 айдын ичинде турак жайын сатып алуу үчүн  4 332 240 сом берүүнү убадалашкан, бирок 722 040 сомун башка максатта кайтарылбай колдонулуп кеткен. 

Натыйжада К.А. олуттуу өлчөмдө материалдык заян келтирилген.

Андан кийин, уюмдун жетекчилери Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кеткендигине жана жарандар арасында нааразылыктан улам, уюмдун офистери жабылган.

21.12.2023-жылы Кыргыз Республикасынын КЖПКнин 96-бер. негизинде кылмышка шектүү катары О.Б. кармалып, Бишкек ШИИББнын УКЖна киргизилген жана ага карата камак түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалган.

Ушундай эле мазмундагы арыз менен 39 жаран арыз менен кайрылып, кылмыш иштери козголуп, жогорудагы  кылмыш ишине бириктирилген.

Свердлов РИИБнын ТК тарабынан О.Б. жана Ю.Р. Кыргыз Республикасынын КЖКнин 209-бер. 2-бөл. 1-п., 3-бөл. 1-п. көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен 94 эпизод айыбы угузулуп, Бишкек шаарынын Свердлов райондук прокуратурасы тарабынан айыптоо актылары бекитилген жана кылмыш ишин негизинен кароо үчүн Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна жибериген.

Учурда кылмыш иши кароо стадиясында турат.

Бишкек шаарынын Свердлов районунун прокуратурасы тарабынан кылмыштын аталган түрүн каттоо жана ачуу маселесине өзгөчө көңүл бурулуп, актуалдуу мүнөзгө ээ. Райондук прокуратура изин суутпай издөө ишин жана тергөөнү жүзөгө ашыруучу органдардын иши туруктуу негизде координацияланып турат.

Белгилеп кетүүчү жагдай, бул категориядагы кылмыштын бетин ачуу үчүн  тажрыйбалуу тергөө жана ыкчам кызматкерлердин ичинен туруктуу иштеген тергөө-ыкчам топтору түзүлөт жана колдонулат.

Бишкек шаарынын Свердлов райондук прокуратурасы тарабынан тергөөнүн жүрүшүндө көзөмөл жүргүзүүдө кылмыш ишин тергөөнүн сапатына, кылмыш жасаган учурда туура квалификацияга өзгөчө көңүл бурулат.

Бул багыттагы иштер улантылат.

up