15:55, 14 июль 2024 Жш

Өкмөт Көлбаев менен Матраимовдун мамлекетке өткөн мүлкүн сата баштады

Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин сайтындагы маалыматка ылайык, жалпысынан 9 мүлк аукционго коюлган. Алардын төртөө абакта отурган мурдагы бажычы Райымбек Матраимовдон, төртөө былтыр атып жок кылынган кримтөбөл Камчыбек Көлбаевден жана бирөө коррупцияга шектелип бозгунда жүргөн Аскарбек Шадиевден алынган мүлк.

7-майда аукционго чыгарылган мүлктүн төртөө Камчы Көлбаевдики болсо, Райымбек Матраимов менен Аскарбек Шадиевден алынган бирден мүлк бар. Райымбек Матраимовдон кайтарылган дагы үч кыймылсыз мүлк бир аз мурдараак сатыкка чыгарылган болчу.

Мурдагы бажычы Райымбек Матраимовдун ысымына таандык мүлктүн бири - Бишкек шаарынын Жукеев-Пудовкин жана Аалы Токомбаев көчөсүнүн кесилишиндеги “Эгиз мунара” деп таанылган имараттын 14-кабатында жайгашкан жалпы аянты 773,8 чарчы метрди ээлеген эмеректери менен кеңсе. Мындан сырткары, Ош шаарындагы Төлөйкөн кичирайонунда жайгашкан жалпы аянты 5085 чарчы метрди түзгөн коммерциялык имараттар бар. Ош шаарынын Масалиев көчөсүндө жайгашкан жалпы аянты 1400 чарчы метр коммерциялык имарат жана Ибраимов көчөсүндө жайгашкан жалпы аянты 2300,71 чарчы метрди түзгөн коммерциялык жай бар.

“Бийлик башындагылар катуу турганда гана коррупцияны жеңсе болот”

Кыргызстанда 2017-жылдан 2020-жылга чейин Матраимовду бажы тармагында татаал коррупциялык схема түзүүгө айыптаган ири акциялар өткөн. Мурунку бийлик кеткенге чейин так фактынын жоктугуна шылтап, ага карата чара көргөн эмес.

2021-жылы УКМК Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген.

Ал күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берип, абактан чыккан.

Бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, Матраимов, бирок, андан кийин да кылмыштуу иштерин токтотпой койгон.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 2023-жылы 2-ноябрда Матраимов менен Көлбаевди “Кыргызстанда мафия түзгөн” деп айыптаган.

Активист жана блогер Урмат Насыкулов - бир кездери RE’акция деп аталган акцияларга катышып, Райымбек Матраимовдун кылмыштуу иштерин токтотуу, коррупциялык схемаларды жоюу талабын коюп келгендердин бири. Ал коррупционерлердин мүлкүн сатуу коомдун тыгыз катышуусу менен жүрүшү шарт деген пикирин бөлүштү:

“Мүлктү кандай санап жатышат, кандай аукцион кылып жатышат, ачык-айкын эле болуп жатабы, чынын айтканда, көп деле билинбей жатат. Коррупция менен күрөштүн бирден-бир багыты – алардын мүлкүн конфискациялоо жана аукцион аркылуу аны кайра сатуу да. Өнүккөн өлкөлөрдө эгерде мамлекеттик аткаминер коррупционер же кримтөбөл болсо, алардын мүлкүн тартып алып, анан сатышат. Бирок бул процесс дагы мыйзам чегинде жүрүш керек. Ачык-айкын аукциондор өткөрүлүп, коомчулук болуп жаткан процесске катышуусу керек, менимче. Анткени жөн эле мүлктү сатуу жана андан акча өндүрүү максат эмес да. Бул коомчулукка белги болуш керек. Эгерде сен мамлекеттик бир органда иштеп, мамлекеттик кызматты ээлеп, бирок ошону кыянаттык менен пайдаланып, өзүңдүн үй-бүлөңө, жакындарыңды байытыш үчүн пайдалансаң, бул далилденсе, сенин мүлкүң баары бир тартып алынат, анан кийин кайра мамлекетке кайтарылат деген символикалык белги. Коомго ошондой сигнал жетиш керек”.

Жарандык коом арасында кылмыштуу жол менен табылган мүлктү мамлекетке кайтарып алып же сатуу ишине коомчулук тыгыз катышуусу шарт деген пикирлер айтылат. Мүлктү конфискациялоо, баалоо, саноо, аукцион өткөрүү сыяктуу иштер ачык-айкын, мыйзам чегинде жүрүшү керек. Анткени коррупция менен күрөштө жөн эле мүлктү сатуу жана андан пайда көрүүдөн мурда коомчулукка мамлекеттик кызматты ээлеп, аны кыянаттык менен пайдаланып жеке үй-бүлөсүн, жакындарын байытуу кечирилгис кылмыш экенин бекемдеген белги берилиши керек.

Журналист Мырзакат Тыналиев коомдун бир бөлүгү мамлекеттик казынадан уурдап-жеген коррупционерлердин элге чачкан анча-мынча устуканына аралашып калгандыктан, аларды жек-жааттап, коргоп чыга калмай адаты бар экенин айтат. Ал коррупция менен күрөшкөн орган коррупцияны аныктап, сотко берип, сот аркылуу далилденгенден кийин гана аны коррупционер деп атап, ошого жараша мыйзамдуу чара көрүшү керек деген пикирди карманат:

“Бизде өз алдынча мамлекет болуп кеткенден кийин эң чоң коррупция дал ушул коррупция менен күрөшө турган укук коргоо жана сот органдарында өнүгүп кеткен. Мунун кесепети аябай жаман. Себеби башка органдарда адам укугу бузулса же коррупция болсо деле, эгерде күчтүү, адилет сот органы болсо, ал жерге келгенде ошолордун баары аныкталмак. А бизде кандай болуп келген? Чоң-чоң коррупционерлер деле кармалып, колго түшкөндө акчанын күчү менен акталып кетип жаткан. Ушул өңүттөн алганда, бизде мурда ири коррупционерлерди баары эч коркпой эле коррупцияга аралаша берген. Жасай беришкен. Себеби алар билген “200-300 миң доллар жеп койсом, ошонун жүз миңин сот органдарына берсем, акталып чыгып кетем” деп. Бизде акыркы убактагы иштер, мындай караганда, кээ бир жери мыйзамдан чыгып кетип жаткандай көрүнүшү мүмкүн. Бирок мына ушундай бийлик башындагылар катуу туруп күрөшкөндө гана, судьялар коррупционерди актап жибергенден коркуп турганда гана коррупция менен күрөш болот”.

Өкмөт буга чейин Камчы Көлбаевдин кымбат баалуу алты унаасын үч жолу сатыкка чыгарган. Өткөн жылдын декабрында жана 2024-жылдын январында жарыяланган аукционго бир да өтүнмө түшкөн эмес. Үчүнчүсүндө гана бешөө сатылганы жарыяланган.

Кримтөбөл Камчы Көлбаев былтыр 4-октябрда Улуттук коопсуздук комитетинин операциясы маалында жок кылынган. Бул окуядан кийин атайын кызмат Кыргызстандагы криминалга каршы күрөш баштаганын жарыялап, Көлбаевге тиешеси бар деген негизде бир нече кишини кармады. Алардын арасында саясатчылардан баштап, ишкерлер, кылмыш топторунун мүчөлөрү бар.

Мындан тышкары Көлбаевдин өзүнө таандык жана анын көмөгү, “кылмыштуу каражаттары” менен ишке ашкан турак жайдан баштап, коттеждер, жер участоктору, кымбат баалуу автоунаалар жана ар кандай объектилер мамлекетке өткөнү белгилүү болду. УКМК Көлбаевдин 1 млрд долларлык мүлкү аныкталып, алардын дээрлик баары камакка алынганын жарыялаган.

“Баткен Комфорт” жана Аскарбек Шадиевдин иши

2023-жылы ноябрь айында атайын кызмат Аскарбек Шадиевге таандык делген “Баткен Комфорт” базарынын ишмердигинен финансылык мыйзам бузууларды тапканын жарыялап, бир нече жетекчилерин камакка алган. Кийинчерээк базардын юридикалык ээси болгон “Бишкек жүк ташуу автотранспорт ишканасы” жабык акционердик коомунун 64,38%дык көзөмөл пакети мамлекетке өткөнү кабарланган. Азыр эми ошол базар жайгашкан 2,9 гектар жер аянты сатыкка чыгарылып отурат.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, экс-вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевге ага чейин да кылмыш иши козголуп, соттолгон. Бишкектин Биринчи май райондук соту «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Мыйзамсыз баюу» беренелери менен аны күнөөлүү деп таап, 2020-жылдын 10-июнунда сыртынан 13 жылга кесип, мүлкүн конфискация кылган. Шадиевге кылмыш ишинин козголушу КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалганы себеп болгон. Шадиев 2018-жылы Баткен аркылуу Тажикстанга өтүп, андан ары АКШга качып кеткени белгилүү болгон.

2021-жылы Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Аскарбек Шадиевге байланыштуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигине кайрылганын маалымдаган.

“Ак мээнет менен байыгандарды ажырата билели”

Жарандык активист Урмат Насыкулов соңку кездери коомдо байларга карата жек көрүү күчөп баратканын белгилейт. Ал мындай шартта байларды ажырата билип, ак эмгек менен байыгандардын мүлкүнүн кол тийбестиги мамлекет тарабынан кепилдениши зарыл деп эсептейт:

“Негизи азыр байкап атам, коомдо байларга жек көрүү күчөй баштады, байлар жаман адам дегендей. Эгерде ийгиликке жетебиз десек, байларды дагы ажырата билишибиз керек. Байлардын деле ар кандай түрлөрү бар да. Адал мээнет менен, маңдай тери менен оокат кылып, нөлдөн баштап ишкана куруп, жүздөгөн-миңдеген жумуш орундарын түзүп, салык төлөп, таза жол менен байыган адамдар бар. Анан мамлекеттик кызматты ээлеп, же болбосо ар кандай криминалдык топторду уюштуруп, ошонун аркасы менен байыгандар бар. Бул эки топтогуларды биз ажырата билишибиз керек. Демократиялуу жана өнүккөн өлкөлөрдүн пайдубалынын өзөктүү бөлүгү – бул жеке менчиктин кол тийбестиги. Эгерде биз маданияттуу, цивилдүү өлкө болобуз десек, анда сөзсүз түрдө ар бир ишкердин, ар бир адамдын жеке өзү таза жол менен тапкан мүлкүнө эч ким эч качан тийбеши керек”.

Өлкө бийлиги коррупциянын тамырын 90%га кыркып, саясий жемкордукту жойгонун жарыялап келет. Ошол эле маалда, коррупцияны кабылдоо боюнча дүйнөлүк рейтингде Кыргызстан учурда 180 өлкөнүн ичинен 141-орунда турат. Бул соңку 10 жылдагы эң начар көрсөткүч болуп эсептелет.

up