06:45, 28 апрель 2024 Жш

Базар-Коргондо 2 бала бакчанын курулушу башталды

Базар-Коргон районунда 30-июнда 2 бала бакчанын курулушу башталды.  Капсула салуу аземине Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Масабиров, райондун акими Айбек Бегимкулов жана жергиликтүү тургундар катышты.

Кеңеш айыл аймагындагы Совет айылында башталган 100 орундуу бала бакчанын курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, анын сметалык баасы 35 млн 179 миң сом деп эсептелген. Тендерден «Ошкоопкурулуш» компаниясы 24 миллион 272 миң сом утуп алган.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, айылда бала бакчанын жетишсиздиги көп жылдан бери көйгөй жаратып келген. Көп үй-бүлө балдарын башка айылдардагы бакчаларга алып барууга мажбур болушчу.

Кеңеш айыл аймагында 33 миңден ашуун калк жашайт. Аймакта 14 мектеп, 5 бала бакча бар.

Мындан тышкары, Бешик-Жон айыл аймагынын Жон айылында дагы бала бакчанын курулушу башталды.

«Биз бир үйдү ижарага алып, анда бала бакча уюштуруп, балдарыбызды ошол жерге берип келебиз. Бирок ал айылдагы балдарды толук камсыздай албайт. Ошондуктан коңшу айылдардагы бала бакчаларга алып барабыз. Бала бакчанын курулуп башталганы бизди кубантууда. Менин 3 неберем бар. Алардын бирөөсү гана бакчага барат. Калганы үйдө болушат», - деди айыл тургуну Мавлюда Сатыбалдиева.

Базар-Коргон районунда 65 мектеп, 37 бала бакча бар. Учурда 5 бала бакчанын курулушу жүрүп жатат. 

Булак: Turmush

up