18:52, 5 май 2024 Жш

БУУ Кыргызстан калкынын саны качан 10 миллионго жетерин эсептеп чыкты

БУУ Кыргызстан калкынын саны качан 10 миллионго жетерин эсептеп чыкты — Today.kg

2050-жылга карата Кыргызстан калкынын саны 10 миллионго жетиши толук ыктымал. Бул тууралуу БУУнун жаңы жазылган демографиялык докладында айтылат.

Кары адам. Архивдик сүрөт 

Маалыматка караганда, айтылган убакытта жалпы планета жашоочуларынын саны эки миллиардга өсүп, 9,7 миллиард кишини түзүп калат.

Кийинки отуз жыл ичинде калктын саны Индия, Нигерия, Пакистан, Конго, Эфиопия, Танзания, Индонезия, Египет жана АКШ өлкөлөрүнүн эсебинен көбөйөт. 2027-жылы Индия Кытайдан озуп, тургундарынын саны боюнча дүйнө лидери болуп калышы мүмкүн.

Мындан тышкары, 2050-жылы тропикалык Африка элинин саны эки эсе көбөйүшү күтүлүүдө.

"Калктын саны өтө кедей мамлекеттерде өсүп, бул жакырчылык, ачкачылык менен күрөшүүнү кыйындатат. Буга кошумча билим берүү жана саламаттык сактоо системасын бекемдөө үчүн жасалган аракетти үзгүлтүккө учуратат", — деп айтылат докладда.

Жашоонун узарышы жана бала төрөлүү деңгээлинин төмөндөшү дагы бир көйгөй экени айтылган. Бул көбүнчө Европа жана Түндүк Америкага тийиштүү болуп чыкты. Белгилей кетсек, 2018-жылы 65 жана андан улуу курактагы адамдар биринчи жолу беш жашка чейинки балдардын санынан ашып кеткен.

up