01:41, 19 апрель 2024 Жм

Мурдагы №47 түзөтүү колониясынын ордуна 10 миң батирлүү кичи район курулат

Мурдагы №47 түзөтүү колониясынын ордуна 10 миң батирлүү кичи район курулат — Today.kg

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Бишкекте мурдагы №47 түзөтүү колониясынын ордуна 10 миң батирлүү кичи район куруларын билдирди. Бул тууралуу ал Фейсбук барагына жазды.

Анын айтымында, бийлик бардык аймактарда жеткиликтүү турак жайларды куруу үчүн бюджеттен каражат бөлүүнү пландап жатат. Мындай курулуш үчүн участоктордун бири — мурдагы №47 түзөтүү колониясынын жери. Батирлер Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу берилет.

Мурдагы №47 түзөтүү колониясынын ордундагы 8,5 гектар жерге көп батирлүү социалдык турак-жай курулушунун долбоору. Сүрөт: минкабдын басма сөз кызматы.

Ал ошондой эле, бардык аймактарда жеткиликтүү турак жайларды куруу үчүн донорлор менен финансылык ресурстарды тартуу иштери уланып жатканын билдирди. Анын айтымында, 2022-жылдын май айында минкаб менен KFW Германиялык өнүктүрүү банкынын ортосунда Кыргызстандын Германияга суверендүү карызынын шарттарын өзгөртүү жөнүндө «Карызды алмаштыруу IV – Турак жай программасы» макулдашуусуна кол коюлган, анын алкагында 14,9 млн евро өлчөмүндөгү каражат этап-этабы менен Мамлекеттик ипотекалык компанияга берилет.

«Бүгүнкү күндө 4,9 млн евро өлчөмүндөгү биринчи транш берилди. Бул каражаттар “Карызды алмашуу IV – Турак жай программасы” макулдашуусунун алкагында өлкөнүн аймактарында (Бишкек жана Ош шаарларынан башкасы) жашаган жана иштеген, ишмердиктин түрүнө карабастан, бардык категориядагы жарандарга жеңилдетилген ипотекалык кредиттерди берүүгө жумшалат», — деп жазды Султанбаев.

2021-жылдын күзүндө Мамлекеттик ипотекалык компания «Менин үйүм 2021-2026» жаңы программасы башталганын билдирген.

Бул программа боюнча, даяр үй алууну каалаган мамлекеттик кызматкерлерге насыя 4% үстөк менен, катышуучунун төлөй алуу мүмкүнчүлүгүнө жараша 15-25 жылдык мөөнөткө берилет. Ошол эле учурда, программанын катышуучусу сатып алып жаткан үйдүн баасынын 10%ын биринчи төлөм катары бериши керек же кошумча күрөө коюшу зарыл.

Мамлекеттик кызматта иштебегендер үчүн бул программа боюнча турак-жай жылдык үстөгү 8% менен берилет, бирок бул багыт боюнча бир гана Бишкек жана Ош шаарларында турак-жай алууга болот. Бул учурда да алгачкы төлөм талап кылынат — батир же үйдүн баасына жараша 20% же кошумча күрөө. Насыяга берүү сатып алуучунун төлөй алуу мүмкүнчүлүгүнө жараша 15 жылдан 25 жылга чейин болушу мүмкүн, ал эми максималдуу сумма 5 млн. сомго чейин.

up