14:42, 29 март 2024 Жм

Султанбаев: Кыргызстанда сөз эркиндигинин чектен ашпаган деңгээлин сактайбыз

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев «бийлик Кыргызстандагы сөз эркиндигин чектен ашпаган деңгээлде сактоого аракет кыларын» убадалады. Бул тууралуу ал 15-ноябрда ЖМК жөнүндөгү мыйзамды талкуулоо үчүн уюштурулган тегерек столдо билдирди.

«Кыргызстанда сөз эркиндиги бар жана боло берет. Ал тургай, бул үчүн тарыхый негиздер бар деп айтууга болот. Ата-бабаларыбыз байыртадан эле маанилүү чечимдерди кабыл алууда коомдогу демократиянын институту катары маанилүү роль ойногон курултайларда муну ачык талкуулаганы баарыбызга маалым. Сөз эркиндиги жана плюрализм каныбызда бар. Муну эч ким бизден тартып ала албайт», — деди ал.

Ошол эле учурла Султанбаев санариптик технологиялардын кеңири өнүккөн доорунда «жоопкерчилик» түшүнүгү актуалдуу болуп жатканын эскертип өттү.

«Карапайым калк объективдүү жана чындыкка дал келген маалыматты алуусу абдан маанилүү. Бул жагдайда салттуу журналистиканын өкүлдөрүнө өзгөчө роль жана жоопкерчилик жүктөлөт. Өз оюн эркин билдирүү укугу — өзгөчө милдет жана жоопкерчилик экенин баарыбыз билебиз», — деп белгиледи ал.

Султанбаев президенттин администрациясы демилгелеген ЖМК жөнүндөгү мыйзам «мындан 30 жыл мурда кабыл алынган, моралдык жактан эскирген ММКлар жөнүндө мыйзамды алмаштырууга гана багытталган» деп ишендирди.

Сөз эркиндигине болгон басым

Кыргыз бийлиги 26-октябрда «Азаттыктын» сайтын эки айга бөгөттөгөн.

Бийлик медиада 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал тууралуу чыккан материалды «улуттук кызыкчылыктарга каршы келет» деп айыптап, бөгөттөөгө ушул негиз болгонун билдирген.

«Азаттыктын» өзүнөн Маданият министрлиги айтып жаткан материалды талдап чыгышканын жана анда стандарттардын бузулганы аныкталбаганын билдиришкен.

Кыргызстандагы ЖМК өкүлдөрү буга кескин түрдө нааразычылыгын билдирип, акыркы убакта сөз эркиндигине жана массалык маалымат каражаттарына басым күчөгөнүн белгилешкен. Алар ЖМКларга каршы ар кандай митингдер жана каралаган кампаниялар уюштурулуп жатканын айтышып, ал эми буга тиешелүү органдар көңүл бурбай жатканын сынга алышкан.

Ал эми 31-октябрда «Азаттык» банктагы эсеби бөгөттөлгөнүн билдирген. DemirBank’тан эсеп «Террористтик ишмердикти каржылоого жана кылмыштуу кирешени легалдаштырууга (адалдаштырууга) каршы туруу жөнүндө» мыйзамынын негизинде бөгөттөлдү деп жооп беришкен.

ЖМК жөнүндө мыйзам долбоору

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат кызматы «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү» мыйзамынын өзүнө таандык версиясын сентябрдын аягында коомдук талкууга алып чыккан.

Эгер документ кабыл алынса, өлкөдө иштеп жаткан ЖМКнын кайра каттоодон өтүүгө (же катталууга) эки ай гана убактысы болот. 2023-жылдын 1-апрелине чейин кайра каттоодон өтүүгө (же катталууга) үлгүрбөгөн басылмалар автоматтык түрдө жоюлат.

Мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесинде президенттин администрациясы ЖМК жөнүндөгү азыркы мыйзам «моралдык жактан эскиргени», ал эми жаңысы — «боштуктарды» жоюп, «ЖМКны санарип телекоммуникациялык тармактарда, анын ичинде “Интернет” түйүндөрүндө жөнгө сала баштоону» максат кылат дейт.

Колдонуудагы мыйзам 30 жыл мурда кабыл алынганы чын. Бирок, Медиа Полиси Институтунун эксперттеринин пикиринде, жаңы мыйзам долбоорунун пайда болушу азыркысынын эскиргендигине байланыштуу эмес. Эксперттер президенттик аппарат жаңы мыйзамдын жардамы менен «бийликке жакпаган веб-сайттарды жоюуну» каалайт деп эсептешет.

«Адилет» укуктук клиникасы дагы жаңы мыйзам долбоору мамлекетке «ЖМКнын ишине аралашууга жана аны жөнгө салууга негизсиз эле олчойгон мүмкүнчүлүктөрдү берет» деген бүтүмгө келген.

Юристтердин пикиринде, ушул версиядагы мыйзам долбоору «ар бир демократиялык коомдун ажырагыс бөлүгү эсептелген ой-пикир түрдүүлүгүнө катаал чектөөлөрдү орнотууга» багытталган.

Андан тышкары, «Клооп» долбоорду изилдеп чыгып, ал Орусиянын ЖМК тууралуу «ажыдаар» мыйзамына 95% окшош экенине, ал тургай, катаал дагы экенине ынанган. 

up