23:19, 7 май 2024 Шш

Акылбек Жапаров чет өлкөлүктөр үчүн кумарканаларды ачуу демилгесин колдоду

Акылбек Жапаров чет өлкөлүктөр үчүн кумарканаларды ачуу демилгесин колдоду — Today.kg

Минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанда кумарканаларды ачуу идеясын колдоп, туристтер «шайтандын коштоосунда он күн бир нерсени жегенден көрө» ушинтип көңүл ачканы «жакшы» деп билдирди.

Бул тууралуу Жапаров 29-мартта «Ынтымак» сейил багында диний жааматтардын өкүлдөрү жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчилиги менен бирге көчөт отургузуп жатып айтты.

Минкабдын башчысы казинолорго Кыргызстандын жарандары киргизилбей турганын, мындай жайлар туристтер үчүн гана иштейт деп ишендирди.

«Казинодо Кыргызстандын бир дагы жараны ойнобойт. Кыргызстандыктарды ойноткон компаниялар жабылат. Мен Малайзияга 2013-жылы чакыруу менен баргам. Ал жакта дагы казинолор бар. Мен да ушул суроону бергенде алар мусулман малайзиялыктар казиного барбайт казинолор туристтер үчүн гана деп жооп беришкен», — деп келтирди Kaktus.Media Акылбек Жапаровдун айтканын.

Анын айтымында, 2001-жылы өлкө бюджетине казино жана кумар оюндарынын ишмердүүлүгүнөн 630 миллион сом түшкөн, бул жолу аталган сумма төрт эсе көп болот деп күтүлүүдө.

«Кыргызстанга келип, шайтандын коштоосунда он күн бир нерсени жегенден көрө бул жакшы. Алар ойноп эс алышсын. Буга шарт түзүп беребиз», — деп кошумчалады Жапаров.

Казинолорду ишине кайра уруксат берүү сунушу

Экономика жана коммерция министрлиги «Оюн-зоок иши жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыгып, 28-мартта коомдук талкууга алып чыккан. Ага ылайык, ведомство казино, тотализатор, букмекердик контор жана залдардын, ошондой эле оюн автоматтарынын ишмердүүлүгүн кайрадан мыйзамдаштыргысы келет.

Ведомство бул «инвестицияларды тартууну стимулдаштыруу жана бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө» жакшы шарт түзөт деп эсептейт.

Экономика министрилиги бул мыйзам долбоорун «кечиктирилгис» катары — кезексиз тартипте дароо үч окуудан кароону сунуштаган.

Эгерде мыйзам долбоору кабыл алынса, Кыргызстандын, ошондой эле аракетке жөндөмсүз же 21 жашка толо элек жарандар кумарканалардын кардары боло албайт.

up