08:54, 4 май 2024 Иш

Кандай адамдарда коронавирус мутацияланып кетет. Инфекционисттин пикири

. Айрым гана учурларда бейтаптар коронавирус менен айлап күрөшөт. Мындай адамдардын организминдеги вирус мутацияланып кетиши мүмкүндүгүн РИА Новостиге врач-инфекционист Евгений Тимаков айтып берди.

"Коронавирус менен 3 айга чейин күрөшкөн бейтаптар бар, бирок андайлар сейрек кездешет. Вирус организмдеги түрдүү тоскоолдуктан өтүп жатып "тирүү" калат дагы, мутацияланып баштайт", — деген Тимаков.

Декабрь айынын орто ченинде Улуу Британияда SARS-CoV-2 деп аталган коронавирустун жаңы мутациясы пайда болгону тастыкталган. COVID-19 жаңы штаммы мурдагыга караганда он эсе ылдам жайылып жатканы да айтылган.

up