15:30, 28 апрель 2024 Жш

Бишкекте мектептер бир шарт менен III чейректен тарта ачылары күтүлүүдө

Бишкекте мектептер бир шарт менен III чейректен тарта ачылары күтүлүүдө — Today.kg

Бишкек шаарындагы мектептер жаңы жылдан баштап ачылышы мүмкүн. Бул туурасында Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Кубан Кундашев брифингде билдирди.

Анын айтымында, 14 жашка чейинки окуучулар арасында COVID-19 менен ооругандардын саны азайган учурда борбор калаадагы мектептер III чейректен тарта штаттык режимде иштөөгө өтөт.

Ошондой эле Кундашев Бишкектеги жеке менчик мектептер учурда 6-класска чейинки балдарды мектепте окутуп жатканын эскертти.

Булак: Sputnik

up