Өкмөт аппаратында иштеген кызматкерлерден коронавирус аныкталды. Алардын арасында бөлүм башчылар, орун басарлары бар. Билдирүүнү өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Чыңгыз Эсенгул уулу тастыктады.
Анын айтымында, коронавирус жуктургандардын ичинде премьер-министрдин кеңешчиси Артем Новиков бар. Ал вирусту жумуштан илештирген. Ошондой эле аппаратта уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары Жетиген Бакировдон, Өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнүн башчысы Маратбек Чолпонкуловдон вирус табылган. Мындан сырткары, аппаратта эмгектенген тогуз адистин коронавирус жуктуруп алганы маалым болду.