13:17, 17 май 2024 Жм

Сузакта 10 күн мурда коронавирустан каза болгон уулунан илдет жуктурган апа дагы көз жумду

 Кечээ, 26-июнда Сузак районуна караштуу Кашка-Терек айылында коронавирус жуктурган 74 жаштагы апа көз жумду. Бул маалыматты райондун акими Эрмекбай Омошев ырастады.

Анын айтымында, буга чейин анын 36 жаштагы уулу вирустан улам көз жумган. Уулу Бишкек шаарындагы базарда мөмө-жемиш сатып жүрүп илдетин жугузуп алган. Ал 11-июнда айылына батага келгенде илдеттин белгилери байкалып, оор абалда ооруканага жеткирилип, 16-июнда каза болгон. Уулун жоктоп күйүт тарткан энеге да вирус жугуп, кечээ көз жумду.

«Уулунан апасына да илдет жугуптур. Анализин алганда илдетке кабылганы аныкталган. 74 жаштагы апа да саналуу жакындарынын катышуусунда жерге берилет. Баласындай эле ага да мазардын жанында жаназасы окулат. Азыр жайы даярдалып жатат. Өкүнүчтүүсү бул үй-бүлөдөн дагы 8 адам ооруп жатат», - деди аким.

Сузак районунда илдеттен улам каза тапкан экинчи учур катталды. Райондо жалпысынан 118 адам илдетке чалдыккан. Учурда 23ү дарыланып жатат.

 

up