Быйылкы жылдын 5 айында Жалал-Абад облусунда 3 эне төрөттөн көз жумду. Бул тууралуу облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун орун басары Кадича Пратова калктын саламаттыгын сактоо боюнча координациялык комиссиянын онлайн жыйынында билдирди.
Анын айтымында, облуста 5 ай ичинде 11080 наристе төрөлгөн. Бул көрсөткүч былтыркыдан 479га аз. Быйылкы жылы 1 жашка чейинки ымыркайлардын өлүмүнүн саны азайды. Өткөн жылы 168 бала чарчап калган болсо, быйылкы 5 айда бул көрсөткүч 133тү түзгөн.
«Быйылкы жылы балдардын өлүмү азайды. Чарчап калган балдардын санын аймактарга бөлсөк, Ала-Бука жана Сузак райондорунда жана Кара-Көл, Таш-Көмүр шаарларында көп болууда. Ошондуктан биз энелердин саламаттыгын сактоо максатында аларга акысыз полис алып берип, камсыздандырып жатабыз», - деди ал.
Жалал-Абад облусунун жетекчисинин орун басары Ырысбек Ызабеков да балдардын, энелердин саламаттыгына кайдыгерлик мамиле жасалбоосу керек экендиги белгилеп, мындан аркы жумушту күчөтүү зарылдыгын айтты.
Жалал-Абад облусунда 35 аймактык оорукана бар.