08:00, 5 май 2024 Жш

Сапар Исаков кайрадан №1 тергөө абагына которулду

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Петровка айылындагы №8 түзөтүүчү колониясынан №1 тергөө абагына которулду. Маалыматты Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан тастыкташты.

Ведомстводон билдиришкендей, мындай чечимди бүгүн Биринчи май райондук соту кабыл алды.

Ал эми Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакуновдун айтымында, алар соттун мындай чечимине каршы болууда.“Биз башынан эле Исаковду мамлекеттик сырды билген кызматкер катары УКМКнын тергөө абагында кармоону өтүнгөнбүз. Петровкага которордо да сотко кайрылган элек. Эми кайра ары-бери сүйрөп, №1 тергөө абагына алып келишти. Бул жакта коронавирус аныкталгандыктан, жактоочулар кирип өзү менен сүйлөшө албайбыз”, — деди Токтакунов.

 

up