16:56, 23 май 2024 Бш

Чүйдө 201 гектар жердеги дан эгиндери өрттөнүп, дыйкандар түшүмдөн кур калды

Чүй облусунун Москва районундагы Петровка айыл аймагындагы эгин талаасында үстүбүздөгү жылдын 8-июлунда өрт чыккан. Алгачкы маалыматтар боюнча 200 гектар жер аянты өрттөгөнү айтылган. Ал эми акыркы билдирүүдө 301 гектар жер аянты толугу менен өрттөнгөнү тастыкталды. Өрттүн келип чыгышынын чоо-жайын билүү үчүн аймактык кабарчы жабырлануучулар менен жолукту.

Маалым болгондой, 8-июль күнү Петровка айыл аймагында саат 13:45тер чамасында арпа, буудай жер аянттарынан өрт чыккан. Натыйжада, эгини чабылган 80 гектар жердин орду, ал эми 201 гектар жердеги орула элек арпа, буудай күйүп кеткен.

«8-июль күнү саат 13:45терде талаада иштеп жаткан комбайнчы бизге өрт чыккандыгы жөнүндө телефондон кабар берди. Аны уккан 35 жаштагы жеке ишкер Арсен Мукеев Петровка айыл өкмөтүнүн башчысына маалымат берген. Арадан 2 мүнөт өткөндөн кийин айыл өкмөт тарабынан өрт коопсуздук кызматына кабарлаганын айтты. Биз Арсен, Самит үчөөбүз өрт чыккан талаанын поезд жолдогу өтмөгүнө саат 13:55терде жетип келдик.

Өтмөктүн күн батыш тарабындагы Жайыл районуна караштуу, ал эми күн чыгыш тарабындагы Москва районунун Петровка айыл аймагына караштуу поезд жолдун боюнда 3 жерден өрт чыгып жатыптыр. Айлабыз кеткенден кийимдер, жыгачтар менен чапкылап өчүрүүгө аракеттендик.

Аңгыча адамдар да туш тараптан келе баштады. Канчалык аракеттенсек дагы тилсиз жоого күчүбүз жеткен жок. Бышып жетилип, сабагы куурап турган арпа, буудайлар алоолонуп күйүп, өрттүн ылдамдыгын шамал да күчөтүп жатты. Күн чыгыш тарабы айылдан эски кампага кетүүчү унаа жолго барып өрт токтоду. Эгерде өрт өчүрүүчүлөр өз мезгилинде келгенде бир топ эгин талаалары сакталып калат эле.

Өрттүн кесепетинен 301 гектар жер аянты күйүп кетти. Биз анын келип чыгуу себептерин поезд жолдон болгонунун болжолдойбуз. Себеби , саат 13:30дар чамасында жүргүнчүдөрдү ташыган поезд өткөн. Арадан 10 мүнөт өткөн соң эгин талаасынын 3 жеринен түтүн көтөрүлүп, өрт чыккан. Мүмкүн темир жол рельсинен оттун учкуну чыккандыр. Же поезддеги жүргүнчүдөр чылымдын калдыгын терезеден ыргыткандыр. Кыскасы, түрдүү версияларды ойлоп турабыз.

Эгин оруп жаткан комбайн өрт чыккан темир жол боюнан алда канча алыстыкта иштеп жаткан. 20 жеке ишкерлер түшүм алуу күндөрүндө турганда ак мээнетин отко күйгүзүп отурушат. Фермер Арсен Мукеевдин 90 , ал эми Павел Чигридовдун 25 гектар жердеги арпа, буудайлары кара түтүнгө сапырылды. Канчалары насыяга акча алып, жер айдатып, урук алып, жер семирткичтерди чачып убара болушкан. Жаз айлары жаанчыл болгондон улам түшүм да мол болгон.

Эми 20 жеке ишкер үй-бүлөсү менен кеткен чыгымдарын эсептеп, айрымдары насыяга алган акчаны кантип төлөөнүн жолдорун ойлоп баштары маң. Кандай болгон күндө да өрттүн келип чыгуу себептерин, өрт өчүрүүчүлөрдүн жоопкерсиздигин тийиштүү жетекчилер аныктап, коомчулукка жеткирсе жакшы болмок. Себеби, бул иш көмүскөдө калса, кийинки жолу да кайталанып, дыйкандар, жеке ишкерлер, фермерлер башкача айтканда жер менен иштеген дыйкандар жабырланбайт эле. Эгин талааларында иштеп жатканда техникалык сактоо боюнча иш-чаралар көрүлгөн эмес», - деди 48 жаштагы жергиликтүү тургун Сатар Даиров.

Анын оюн Беловодск айылынын 55 жаштагы тургуну, жеке ишкер Павел Чигридов толуктады.

«Мен 25 гектар жерге буудай өстүргөм. Түшүмү мол болгон. Жаз алды менен ушул талаада эмгектенип келем. Жамгырлуу күндөрдө да жан үрөп иштедим. Ар бир гектарына болжол менен 12 миң сомдон жумшагам. Ошондо 300 миң сомдой чыгым тартып, буудайымдын күйгөн баштарын кармап, ичимден сыздап жатам. Бир жылга тете эмгек 1 саатта кара түтүн болуп учуп кетсе ким кайгырбайт. Эгер чындык, калыстык болсо өрттүн себебин аныктоо керек. Мен деле көпчүлүккө кошулуп, поезд өткөн соң өрт болгондугун айтам. Жергиликтүү, жогорку бийликтегилер туура баасын берерине ишенем жана үмүттөнөм. Өрттү көпчүлүк эл өчүрдү. Өрт өчүрүүчүлөр кечигип келишти. Бирок, жалгыз унаасы менен мынчалык ири өлчөмдөгү өрттөнүп жаткан жер аянтын өчүрүүгө мүмкүн эмес эле», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: Turmush

up