09:14, 24 ноябрь 2024 Жш

Путиндин термокружкасы Кытайда хитке айланды

Владимир Путиндин Россиянын герби түшүрүлгөн термокружкасы ТаоВао интернет дүкөнүндө эң көп сатылып жаткан товарлардын катарына киргенин Global Times басылмасы жазды. 

Белгилей кетсек, Россиянын президенти Японияда өткөн G20 саммитиндеги тамактануу учурунда башка лидерлерден айырмаланып өзүнүн кружкасы менен чай ичкен. Анын бул кадамы дүйнөлүк ЖМКлардын көңүлүн бурган. 

Лидеры и делегаты стран G20, в том числе премьер-министр Японии Синдзо Абэ, президент США Дональд Трамп, президент России Владимир Путин присутствуют на обеде лидеров в Осаке, Гейхинкан, в Осаке. Япония, 28 июня 2019 года © REUTERS / HANDOUT Путин G20 лидерлеринин кечки тамагына өзүнүн кол термосу менен келди


​Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, Путин термокружкадан чай ичкен.

G20 саммити Япониянын Осака шаарында 28-29-июнда өттү. Кийинки саммит 2020-жылы Сауд Аравияда болот.

up