01:48, 28 апрель 2024 Жш

Депкомиссия: "КТ Мобайл" боюнча премьердин моралдык жоопкерчилиги каралсын

"КТ Мобайл" ишканасынын айланасындагы чырдуу талашты териштирген убактылуу депутаттык комиссия өз корутундусун чыгарып, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин моралдык жоопкечилигин кароо керектигин белгиледи.

Комиссиянын төрагасы Курманкул Зулушев териштирүү боюнча баяндама жасап, "КТ Мобайл" компаниясындагы мыйзамсыз иштерге токтолду. Ага ылайык, депутаттык комиссиянын корутундусу төмөндөгүдөй:

Жогорку Кеңештин депутаты, КТ Мобайл мамлекеттик ишканасынын айланасындагы иштерди текшерүү үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагасы Курманкул Зулушев

КТ Мобайл ЖЧКны жана Альфа Телеком ЖАКтын ортосундагы түзүлгөн келишминин негизинде виртуалдык оператор түзүү чечими туура болгон деп белгиленсин;

- КТ Мобайл ЖЧКнын ишмердиги боюнча КР өкмөтүнүн аппаратынын, КР Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондусунун, "Кыргызтелеком" ААКтын, "Альфа телеком" ЖАКтын ишмердигине Иманкадыр Рысалиевдин тикелей кийлигишкендиги аныкталгандыктан премьер-министр Абылгазиевдин моралдык жоопкерчилиги каралсын.

Андан сырткары, депутаттык комиссия Абылгазиевге бир нече сунуштарды берип, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун төрагасы Ренат Түлөбердиевдин, Маалыматтык технологиялар жана байланыш агенттигинин директору Нурлан Смановдун жоопкерчилигин кароо керектигин белгилеген.

Ошондой эле Башкы прокуратурага да бир катар сунуштар берилип, Эсеп палатасынын аудиторлорунун "КТ Мобайлдын" каржы-чарбалык ишин талдоо боюнча маалым катында көрсөтүлгөн мыйзам бузууларга укуктук баа берүү сунушталган.

Жыйынтыгында депутаттык комиссиянын токтомун 91 депутат колдоду.

Эске салсак, буга чейин "КТ Мобайл" мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги иштебей жатып көп маяна алганы, директордун орун басары премьер-министрдин бажасынын баласы экени ачыкталган. Компаниянын айланасындагы чырдан улам жетекчилиги кызматтан кетүүгө аргасыз болгон.  
Аталган компаниядагы иштерди иликтөө боюнча депутаттык комиссия да түзүлгөн болчу.

up