04:49, 3 май 2024 Жм

Аравандагы каналга агып кеткен жубайлардын биринин денеси Өзбекстандан табылды

20-июнда Араван районунун Нур-Абад айыл өкмөтүнүн Кайрагач-Арык айылындагы каналга агып кеткен жубайлардын биринин денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 24-июнда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 1986-жылы туулган Х.Х менен 1997-жылы туулган жубайы А.Г. Түштүк Фергана каналына агып кетишкен. 22-июнь күнү Өзбекстандын аймагында өзбек куткаруучулары тарабынан издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, жубайынын денеси табылды. 23-июнь күнү туугандары жерине барып, ал А.Г экендигин таанып, денесин алып келишти.

Окуя тууралуу:

Буга чейин айыл өкмөттүн кызматкерлери кырсык 20-июнда саат 11:00 чамасында болгондугун кабарлашкан. Кокустан сууга түшүп кеткен жубайын куткаруу үчүн жолдошу сууга секирген. Бирок жубайын куткарып жатканда тарамышы түйүлүп, ошол жердеги топ балдардан жардам сураган. Бир жигит жардам берүү үчүн колун сунганда жубайлар аны да сууга тартып кетишкен. Бирок колун сунган жигит кайра жээкке чыкканга жетишкен.

Сууга чөккөн жубайлар ушул айдын башында баш кошушкан. Жолдошу Нур-Абад айыл өкмөтүнө караштуу Кайрагач-Арык айылынын тургуну болсо, келинчеги Ош шаарынын тургуну болгон. ӨКМдин Кризистик кырдаалда башкаруу борборунун кызматкерлери тарабынан Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине издөө иштерине көмөктөшүү жөнүндөгү кат жолдонгон.

Түштүк Фергана каналынын суусу Өзгөн районундагы Кемпир-Абад суу сактагычынан агып келет. Ал Араван району аркылуу Өзбекстанга агып кетет. Нур-Абад айыл өкмөтү чыгышынан Өзбекстандын Булак-Башы, батышынан Мархамад айылдары менен чектешет. 

up