16:15, 26 апрель 2024 Жм

ИИМ: Батукаевди бошоткон судья үй камагына чыгарылган эмес

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги кримтөбөл Азиз Батукаевди мөөнөтүнөн мурда абактан бошотуу тууралуу чечим чыгарган Нарын шаардык сотунун мурдагы судьясы Жапар Эрматов үй камагына бошотулду деген маалыматтарды четке какты. Мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Карима Аманкулова "Азаттыкка" жергиликтүү басма сөздө жарыяланган маалымат чындыкка коошпой турганын билдирди.

Маалыматка караганда, Эрматов өткөн аптада Азиз Батукаевдин иши боюнча ИИМдин Тергөө кызматына сурак бергенден кийин соттун чечими менен эки айга тергөө абагына камакка алынды. Азыр сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө жүрүп жатат.

Буга чейин жергиликтүү маалымат каражаттары соттун чечими менен Жапар Эрматов үй камагына алынганын жазып чыгышкан.

Майда Башкы прокуратура Жапар Эрматов жөнүндө материалдар 335-берене («Көз көрүнөө калыс эмес өкүм же башка соттук акт чыгаруу), 319-берене («Коррупция») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын кабарлаган. Сотко чейинки өндүрүш иштерин жүргүзүү ИИМдин Тергөө кызматына тапшырылганын кошумчалаган.

Эрматов Батукаев Кыргызстандан чыгып кеткенден үч жылдан кийин экс-президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен Нарын район аралык сотунун судьясы болуп дайындалганы белгилүү.  

up