15:16, 26 апрель 2024 Жм

Орусияда мобилизациядан качкандар жети жылга чейин соттолду

Орусиянын Калининград облустук соту мобилизациядан качкан сегиз адамдын экөөнү 7 жылга, төртөөнү 6,5 жылга, калган экөөнү 6 жылга эркинен ажыратты.

"Север.Реалии" жазганына караганда, сегиз адамга кылмыш иши январь айында козголгон. Алар Украинанын Луганск облусунун Орусия көзөмөлдөгөн бөлүгүндөгү лагерден качкандыктан айыпталган.

Аскерлердин өздөрүнүн айтымында, аларды былтыр 24-сентябрда мобилизациялашкан. Эки айдан кийин машыгуу лагерине жөнөтүшкөн. Ошол эле маалда аларга керектүү делген буюм-тайымдар, анын ичинде тамак-аш жана сапаттуу аскердик форма да берилген эмес.

24-декабрда алар согуш талаасына жөнөтүлөрүн билгенде "өз өмүрүн жана саламаттыгын сактоо максатында лагерден качып кетүүнү туура көрүшкөнүн" айтышкан. Аскерлер жол тосуп Москванын жанындагы Подольск шаарына келип, ал жактан полиция бөлүмүнө барып курал-жарактарын тапшырышкан.

2022-жылдын сентябрь айында орус президенти Владимир Путин мобилизация же согуш маалында жасалган кылмыштар үчүн жазаны катаалдатуу тууралуу мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, мобилизация же согуш маалында кызмат өтөгөн бөлүгүнөн качкандар он жылга чейин эркинен ажыратылат. 

 

up