19:53, 28 март 2024 Бш

Өспүрүм кыздар үчүн TiK Tok сериал тартылды

Кыргызстанда өспүрүм кыздар үчүн анимациялык TiK Tok сериал тартылып, жарыялана баштады. Бул тууралуу 2-мартта “Азаттыкка” долбоордун демилгечиси, “Айкын багыт” коомдук фондунун директору Мунара Бекназарова билдирди.

Анын айтымында, 10 сериядан турган It’s OKY сериалы аркылуу кыздар ден соолугуна жана физиологиялык жетилүүсүнө байланыштуу бардык керектүү маалыматты, кеп-кеңештерди ала алышат.

Маалымат берип үйрөтүү мүнөзүндөгү мындай TiK Tok сериал Кыргызстанда алгачкы жолу тартылганы, мультипликациялык тасманын өзөгүн Кыргызстандын бардык аймактарында окуучу кыздар арасында жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгындагы маселелер түзөрү белгиленди.

Бир ай мурда “Айкын багыттын” демилгеси менен өспүрүм кыздардын репродуктивдик ден соолугуна арналган атайын “Oky” (оки) мобилдик тиркемеси иштей баштаган.

Жыныстык тарбиянын жоктугу улутка зыян экенин адистер айтып келишет.

Жаш муун турмуш курууга чейинки үй-бүлөнү пландоо сыяктуу түшүнүктөрдөн кабарсыз калгандыктан жыныстык жашоону эрте баштоо, өнөктөштөрүн тез-тез алмаштыруу өңдүү көрүнүштөр орун алып, бойдон алдыруу көп катталууда.

Кыргыз коомунда кыз-келиндердин айыз темасы анча козголбойт. Болочок эне боло турган айрым өспүрүм кыздар бул тууралуу энесине, эжесине ачык айтуудан коркот. “Азаттык” "Айыз тууралуу ачык кеп" "АчыкTime" подкастында мына ушул темага кайрылган.

Жаш режиссер Мээрим Догдурбекова тарткан "Биринчи жолу" тасмасы кыргыз коомунда ачык айтылбаган мына ушул теманы козгогон. (RK)

 

 

Булак: Azattyk

up