Фастфуд мээнин тез картайышына себеп экендигин "Известия" агенттиги Австралия улуттук университетинин окумуштууларына шилтеме берип жазды.
Маалыматта, көп убакыт ден соолукка зыян тамактарды жеп, аз кыймылдоо кант диабетинин экинчи баскычына чейин алып келери айтылат.
Ошондой эле мээнин айнышын (деменция — ред.), башкача айтканда, өз функциясын аткарбай калышын шартташы ыктымал.
Мындан улам окумуштуулар 2030-жылы элдин 30 пайызы ашыкча салмак менен жапа чегет деп кооптонушууда.
Буга чейин фастфуддун балдар үчүн болуп көрбөгөндөй зыяны айтылган.