19:23, 25 апрель 2024 Бш

Илхам Алиевдин мамлекеттик сапары жыйынтыкталды

Илхам Алиевдин мамлекеттик сапары жыйынтыкталды — Today.kg

Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин Кыргызстандагы эки күндүк мамлекеттик сапары бир катар социалдык мекемелерди кыдыруу менен аяктады. Бүгүн 12-октябрда азери өлкөсүнүн башчысы президент Садыр Жапаров менен бирге Бишкек шаарындагы №20 гимназия мектебине Азербайжандын мурдагы жетекчиси Гейдар Алиевдин ысымын ыйгаруу салтанатына катышты. Бул мектептин эски имараты быйыл жергиликтүү казынанын эсебинен толук оңдолуп, жанына үч кабат заманбап имарат курулду.

№20 гимназия мектеби. №20 гимназия мектеби.

Ошондой эле бүгүн Илхам Алиев Көк-Жар конушундагы жаңы мектептин ачылышына катышты. 550 окуучуга эсептелген мектеп Азербайжан өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен быйыл курулду. Ага айтылуу акын Низами Гянжевинин ысымы ыйгарылган.

Кечээ 11-октябрда Алиевдин катышуусунда Бишкектин түштүк тарабында Кыргыз-Азербайжан достук сейил багынын ачылышы болгон.

Кыргыз-Азербайжан достук сейил багы. Кыргыз-Азербайжан достук сейил багы.

Азербайжандын президенти Бишкекке 11-октябрга келген. Бул күнү эки президенттин жолугушуусунан кийин кызматташтыкты арттырууга багытталган сегиз документке кол коюлган.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан Азербайжан инвесторлорунун келишин кубаттай турганын жана экономика тармактарында кызматташууга даяр экенин, транспорт-логистика чөйрөлөрүндө, маалыматтык-коммуникациялык технология, билим берүү, туризм жана спорт тармактарында көп иштер жасалышы керектигин айткан.

Кыргызстан-Азербайжан өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлуп, бул биргелешкен эки тараптуу инвестициялык фонддун уставдык капиталы 25 млн доллар болору, башкы кеңсеси Бишкекте жайгашары айтылды.

Эки өлкө быйыл кызматташтыгынын 30 жылдыгын белгилеп жатышат.  

up