17:58, 26 апрель 2024 Жм

Экс-вице-премьер Чолпон Султанбекова Кадамжайда 500дөй адамга ооз ачыруу уюштурду. Видео

Кечээ, 20-майда экс-вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова Кадамжай районунда ооз ачыруу уюштурду. 

Ооз ачыруу иш-чарасына райондун 500гө жакын тургуну катышкан. Алардын арасында айыл аксакалдары, райондо аты чыккан айымдар жана дин кызматкерлери бар. Ошондой эле иш-чара «Энелер күнүнө» туура келгендиктен көп балалуу энелер да чакырылган.

Иш-чаранын башында Чолпон Султанбекова, Кадамжай районунун акими Жаныбек Исаков, Кадамжай шаарынын мэри Бакыт Бегалиев келген конокторду ыйык Рамазан айы менен куттукташып, сөз сүйлөштү. Андан кийин имамдар орозо тууралуу маалымат беришти.

«Рамазан айында орозо кармагандарды сыйлап, ооз ачыруунун сообу көп болот. Рамазан айы жакшылыктарга, берекеге, соопторго толуп турган өзгөчө касиеттүү ай. Шариятта "орозо кармаган бирөөнүн оозун ачырган адам орозо кармаган адамдай соопко ээ болот" деп айтылган», - деди имам.

Иш-чаранын соңунда маркумдарга багышталып куран окулду.

Чолпон Султанбекова жыл сайын Кадамжай районунда ооз ачыруу иш-чарасын уюштуруп келет. Ал 2016-2018-жылдар аралыгында вице-премьер-министр кызматын ээлеген.

 

Булак: Turmush

up