04:37, 27 апрель 2024 Иш

Тоңдун Төрт-Күл айылында 14 млн сомго маданият үйү курулуп жатат

Тоң районунун Төрт-Күл айылында 14 млн сомго маданият үйү курулуп жатат. Бул тууралуу жергиликтүү кеңештин төрагасы Бакыт Зарлыков билдирди.

Анын айтымында, айылда буга чейин маданият үйү болгон эмес. Маданий иш-чаралар күн жылуу кезде ачык асман алдында, ал эми кышында мектептин актовый залында өткөрүп келишкен.

«Маданият үйү 200 орунга ылайыкталган. Ошондой эле административдик бөлүмү дагы бар. Курулуштун аякташын чыдамсыздык менен күтүп жатабыз», - деп билдирди ал.

Курулуш ишин 2016-жылдын ноябрь айынан бери «Кубанч» ЖКЧсы жүргүзүп жатат.

Булак: Turmush

up