09:26, 8 май 2024 Шр

Эскертүү! Бүгүн кечинде Бишкек — Ош жолу дагы жабылат

Кар көчкү түшүү коркунучунан улам бүгүн кечинде Бишкек — Ош жолу толугу менен жабылат. Бул тууралуу Транспорт, архитектура жана коммуникациялар министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 25-февралда, саат 22:00дөн таңкы саат 6:00гө чейин чектөө киргизилет. Бул аралыкта жеңил машиналардын да, жүк ташуучу автоунаалардын да түндүк тарабынан "Сосновка", түштүк жагынан "Арал" постунан өтүүсүнө тыюу салынат.

Транспорт министрлиги катаал аба ырайы, кар көчкү түшүү коркунучу жаралып жаткандыктан узак жолго чыкпай турууга чакырат.

Белгилей кетсек, кечээ дагы Бишкек — Ош жолу жабылып, таңкы саат 6:00дө жеңил автоунаалардын каттамына уруксат берилген.

up