05:26, 27 апрель 2024 Иш

Ташиевдин аскердик наамы жогорулап, үч жетекчи генерал болду

 Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин жана бир нече күч структураларынын жетекчилеринин аскердик наамдары жогорулады. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

Тийиштүү жарлыктарга мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон. Ага ылайык, Камчыбек Ташиев генерал-лейтенант, ИИМ жетекчиси Улан Ниязбеков милициянын генерал-майору, ЖАМКнын башчысы аскат Эгембердиев ички кызматтын генерал-майору жана Коррупцияга каршы кызматтын жетекчиси Бекбосун Апсатаровго генерал-майор наамы берилди.

up