19:06, 26 апрель 2024 Жм

Боршайком “Чоң казат” саясый партиясына эскертүү берди

Боршайком “Чоң казат” саясый партиясына эскертүү берди — Today.kg

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы 2020-жылдын  6-августунда “Чоң казат” саясый партиясына шайлоо алдындагы агитациянын тартибин жана шартын бузгандыгы үчүн расмий эскертүү берди.

КР БШК чечими Шайлоо процессинде шайлоочуларга жана башка субьектилерге маалымат берүү жана агитациянын эрежелеринин маселелери боюнча жумушчу тобунун  чечиминин жыйынтыгын кароодон кийин кабыл алынды.  Жумушчу топ “Чоң казат” саясый партиясынын Facebook, YouTube жана Instagram – социалдык тармактарында тараган видеоматериалдарында шайлоо алдындагы агитация боюнча бир катар мыйзам бузуулар бар экендигин аныктаган.

“Чоң казат” саясый партиясына Кыргыз Республикасынын шайлоолор жөнүндөгү мыйзамында көрсөтүлгөн бузууларды эки күн ичинде четтетүү  жана жасалган иш-чаралар боюнча КР БШКсына маалымат берүү тапшырылды.
 

 

up