ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Олег Запольский каза болгонун министрлик билдирди.
Өлүмүнүн чоо-жайы такталып жатат.
Олег Запольский 1981-жылы Бишкекте төрөлгөн. 2003-жылы Кыргыз-россия славян университетинин юридика факультетин аяктап, кийинки жылдан тарта эле Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча агенттикте иштей баштаган. Былтыр январдан баштап Баңгизатты мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси болеп иштей баштаган.