Чүй облусундагы мал базарлар 21-майдан тартып иштеп баштады. Бул тууралуу аймактык кабарчыга өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалым болгондой, Токмок шаарында, Сокулук жана Жайыл райондорунда эң чоң мал базарлар бар. Ал жерлерге өлкөнүн башка аймактарынан да кардарлар жана соодагерлер келишет.