Коронавирус пандемиясы жана өлкөдө жарыяланган өзгөчө кылдаал, айрым аймактардагы өзгөчө абал режимдерине байланыштуу мектеп окуучулары IV чейректи үйдөн окууга аргасыз болууда.
Бул үчүн Билим берүү жана илим министрлиги окуу материалдарын электрондук форматка көчүрүп, аларды окуучуларга теле жана интернеттин жардамы менен бергени турат. Видеосабактарды тартууда жалпы 200дөн ашык мугалим иштеди.
Sputnik Кыргызстан министрликке кайрылып, окуу процесси тууралуу толук маалымат алды.
IV чейректин сабактарын 1-4-класстын окуучулары КТРКнын "Баластан", 5-11-класстын окуучулары ЭлТРдин "Илим Билим" каналынан көрүшөт. Ошондой эле бул сабактар "5-канал", "Санат", "Пирамида" каналдары аркылуу эфирге берилет.
Ушул эле видеосабактар, электрондук китептер, теледен кетчү сабактардын расписаниеси, кошумча адабияттар, тапшырмалар, өнүктүрүүчү оюндар жана тесттер oku.edu.gov.kg (8-апрелден тарта ишке кирет) порталына жүктөлөт. Ошондой эле "МЕГА 24" тиркемесинде жайгаштырылат.
Мугалимдер видеосабактарга чейин жана кийин мектепте түзүлгөн расписаниеге ылайык өзүнүн классындагы окуучулар менен Zoom, Google classroom, Telegram, WhatsApp тиркемелери аркылуу байланышка чыгып, жаңы теманын мазмунун бышыктап, суроолоруна жооп берип, тапшырмаларды берет.
Ар бир видеосабак 20 мүнөткө чейин болот.
Видеосабакта жаңы темалар жана эң негизги деп эсептелген минимум гана материалдар берилет. Ал эми теманы кеңири түшүндүрүү, кайталоо мугалим менен окуучулар онлайн байланышканда ишке ашырылат.
Кадимкидей ар бир окуучуга баа коюлат. Ал үчүн мугалим өзүнө убактылуу журнал ачат. Министрликтен айтышкандай, эгер эпидемиологиялык абал турукташпай, IV чейрек толугу менен дистанттык негизде окутулса, жыл жыйынтыгын чыгарарда, артыкчылык мурдагы үч чейректин баасына берилет.
Улуттук тестирлөө борбору 4-11-класстарга математика, химия, биология, география, кыргыз тили, орус тили, өзбек тили, тарых, адам жана коом, англис тили, орус тили (кыргыз мектептери үчүн), кыргыз тили (орус мектептери үчүн), эне тили, мекен таануу сабактарынан тесттерди иштеп чыкты. Мугалимдер аларды окуучулардын билим деңгээлин текшерүү үчүн маал-маалы менен колдонуп турат.
Министрликтен билдиришкендей, учурда Кыргызстандын дээрлик бардык аймактары интернет менен камсыз болгон. Бирок ал жетпеген бир нече алыскы тоолуу аймактар бар. Министрдин орун басары Надира Жусупбекованын айтымында, андай айылдарда ондогон гана үй-бүлө жашап, сырт менен байланыш аз, вирус жуктургандар жок. Андыктан медиктер карап чыгып уруксат берген учурда, балдар теле аркылуу видеосабактарды көрүшөт дагы, кайтарым байланыш үчүн кыска убакытка мугалимге жолугушат.