11:10, 27 апрель 2024 Иш

Ошто коронавирус жуктурганын жашырып жүргөн адамга кылмыш иши козголду. Илдет досторунан да аныкталды

Turmush -  Ош облусунда коронавирус илдетин жуктуруп, бирок жашырып жүргөн адам аныкталды жана ага карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрелде Ош шаары жана Ноокат, Кара-Суу райондорунун коменданты Малик Нурдинов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, кылмыш иши кечээ, 6-апрелде козголду.

«Ал ооруганын билип турупжашырып, достору жана туугандары менен алакада болгон. Качан гана ооруп калганда илдет аныкталып калды. Анын досторунун, кесиптештеринин арасынан да коронавирус аныкталды. Бүгүнкү күндө кылмыш иши козголгон адам изоляцияда жатат. Жакшы болуп калары менен камалат. 5 жылга чейин камоо жөнүндө берене бар. Эгер өзүңүздөн шек санасаңыз, райондук ооруканага кайрылыңыз», - деди М.Нурдинов.

Ал сотко чейинки өндүрүш иши кайсы беренелер боюнча жүруп жатканын тактаган жок.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

up