00:33, 27 апрель 2024 Иш

Суракматов жол тыгынын азайтуу боюнча Москванын тажрыйбасын көрүп келди

 Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов Москва шаарынын өкмөтүнүн чакыруусу менен ал жакка барып келгенин мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

  • Мэр Бишкека Азиз Суракматов посетил Москву по приглашению правительства российской столицыБишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов Москва шаарынын өкмөтүнүн чакыруусу менен ал жакка барып келгенин мэриянын маалымат кызматы кабарлады © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Мэр Бишкека Азиз Суракматов посетил Москву по приглашению правительства российской столицыБилдирмеге караганда, Суракматовду Бишкек шаардык кеңештин депутаты Жумабек Салымбеков менен вице-мэр Азиз Алымкулов коштоп барган © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Мэр Бишкека Азиз Суракматов посетил Москву по приглашению правительства российской столицыАлар шаардагы маанилүү маселелерди пландоо боюнча консультациялык иш-чараларга катышкан © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Мэр Бишкека Азиз Суракматов посетил Москву по приглашению правительства российской столицыМосква өкмөтүнүн министри, Тышкы экономикалык жана эл аралык байланыштар департаментинин жетекчиси Сергей Черемин кыргыз делегациясын кабыл алып, мындан аркы кызматташуунун багыттарын талкуулаган © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Мэр Бишкека Азиз Суракматов посетил Москву по приглашению правительства российской столицыКыргызстандын делегациясы, андан сырткары, шаар казынасына жылына 9 миллиард рубль алып келген ЖМК жана реклама департаментинин ишин көрүштү. © пресс-служба мэрии города Бишкек

1 / 5 © пресс-служба мэрии города Бишкек Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов Москва шаарынын өкмөтүнүн чакыруусу менен ал жакка барып келгенин мэриянын маалымат кызматы кабарлады

Билдирмеге караганда, Суракматовду Бишкек шаардык кеңештин депутаты Жумабек Салымбеков менен вице-мэр Азиз Алымкулов коштоп барган. Алар шаардагы маанилүү маселелерди пландоо боюнча консультациялык иш-чараларга катышкан.

Москва өкмөтүнүн министри, Тышкы экономикалык жана эл аралык байланыштар департаментинин жетекчиси Сергей Черемин кыргыз делегациясын кабыл алып, мындан аркы кызматташуунун багыттарын талкуулаган.

"Негизги көңүл "МосТрансПроект" институту тарабынан түзүлгөн Бишкек шаарындагы жол тыгындарын чечүү жолунун математикалык моделинин долбооруна бурулду. Модель негизги кан жолдордогу жүктөмдү 12 пайызга чейин азайтып, жүргүнчүлөрдү өткөрүүнү 20 пайызга жогорулатат, ал эми жол кырсыктары 15 пайызга төмөндөйт", — деп айтылат билдирүүдө.

Суракматов "Москва паркинг" мекемесинин иши менен таанышты. Алардын иштеп чыккан долбоору Москванын бюджетине жыл сайын 26 миллиард рубль алып келет. Анын баары шаарды жакшыртууга жумшалат.

Кыргызстандын делегациясы, андан сырткары, шаар казынасына жылына 9 миллиард рубль алып келген ЖМК жана реклама департаментинин ишин көрүштү. Аталган департамент электрондук аукцион аркылуу бирдиктүү жарнама саясатын алып барат.

Сапардын алкаганда Суракматовго Россияда жасалган электробустар көрсөтүлдү.

up